Бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаарында хоккей боюнча Өлкө биринчилигинин финалдык оюндары орун алды.
Шаардык муз тебүүчү аянтта өткөн "Чолпон-Ата" - "Кеңеш" командаларынын беттешүүсү "Кеңеш" командасынын жеңиши менен аяктады.
Оюндун жүрүшүндө "Кеңеш" командасынын оюнчулары өзүнүн чеберчилигин көрсөтүп, жыйынтыгында, "Чолпон-Ата" командасын 8:0 эсебинде утуп алды.
Өлкө биринчилигинин финалдык оюндарынын алкагында "Кыргыз темир жолу" жана "Ала-Тоо Дордой" командалары 1-орун үчүн күч сынашмакчы.