Канадада хоккейчилер бараткан автобус жол кырсыгына учурап, 14 адам каза болду

Канадада хоккейчилер бараткан автобус жол кырсыгына учурап, 14 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалымат ылайык, Канаданын Саскачеван провинциясында болгон жол кырсыгында 14 адам каза болуп, 14 адам жаракат алган. Каза болгондордун көпчүлүгү "Гумбольдт Бронкос" жаш хоккейчилер командасынын оюнчулары болгон.

Маалыматка ылайык, "Гумбольдт Бронкостун" оюнчуларын "Нипавин Хоукс" менен болгон беттешке алып бара жаткан автобус жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Автобустун ичинде жалпы 27 жүргүнчү жана айдоочу болгон.

Каза болгондордун жакындарына Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо көңүл айтты. Ал эми Нипавин шаарынын чиркөөсүндө каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтө турчу гуманитардык борбор уюштурулган.

Азыркы тапта жол кырсыгы эмнеден улам келип чыккандыгы такталып, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
haydarkan
2018-04-08 16:28:48
Атайын уюшулган болушу да мумкун. Азыр бары жокту кутсо болот адамдардан
0
Zainidin96
2018-04-08 20:10:48
Бугун христиандардын майрамы болсо керек
0
surgeon777
2018-04-09 18:45:29
Жайлары жаннаттан болсун..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан