Ош ОИИБи: "69 жаштагы жаран уулдарымды сен өлтүрдүң деп тууганын бычактап өлтүрдү"

Ош облусундагы Алай районунун Жерге-Тал айылынын 69 жаштагы тургуну тууганын бычактаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү психикалык жактан жабыркайт.

"70ке таяп калган жаран психикалык жактан жабыркагандыктан таякесинин 1972-жылы туулган баласы андан кабар алып, тамак ашына жардам берип турчу экен. Ошол күнү да кабар алганы барыптыр. Ал байкабай турганда бычак сайып жиберген. 46 жаштагы адам алган жаракатынан улам ооруканада каза болду", - деди маалымат катчы.

Маалыматта белгиленгендей, шектүү 3 баланын атасы. Алардын бири учурда Орусияда эмгектенет.

"Ал эми 2 баласы каза болуп калган экен. Алардын көз жумгандыгы тууралуу бул адамга ошол таякесинин баласы угузган. Ошондон бери балдарымды сен өлтүргөнсүң деп оорусу кармаган учурда ачуулана берчү экен. Кошуналарынын айтымында, өткөн жылы да бир кошунасына бычак сайган. Ал аман калган. Учурда бычак сайган адам убактылуу кармоочу жайда", - деп басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Zainidin96
2018-04-08 20:08:48
Жайы жаннаттан болсун окунучтуу
+5
Gulnyr19
2018-04-08 22:43:17
Тобоо кылдым
+3
Pchelka85
2018-04-08 22:52:43
Шизофрения жазда и куздо обострение болот деп коет го...(
+7
Adilet9595
2018-04-09 01:25:58
Бул жерде башкача эле маалымат гоо биздин айылда болгон окуя да
+1
Дарыгер
2018-04-09 10:30:02
Adilet9595, так маалыматты жазчы
+2
taalay25
2018-04-09 19:57:09
Adilet9595,так маалымат жакындарында кошуналарыеда болот.
0
Akylaj85
2018-04-09 03:28:43
Ушуларды каттого алып оорусу башталганда карап турушса арабызда канчасы жүрөт дагы кылмыш кылса оорукчан деп качаан адам өлтүргөндөн кийин айтышат
+5
Alixan-Nookat.2015
2018-04-09 08:37:11
Бул бир бечараны камаптыр ал эми дени сак таза байдын балдары кылмыш кылса псих больницага жаткырып койот.
0
surgeon777
2018-04-09 18:46:28
Маркумдун жайы жаннаттан болсун..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан