ИИМ: "Бишкектеги "Ата-Түрк" сейил багында жарылуучу зат бар деген адам кармалды"

"Бишкектеги "Ата-Түрк" сейил багында жарылуучу зат бар" деп билдирүү берген адам кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-апрель күнү саат 17:10 чамасында милицияга "Ата-Түрк" паркында жарылуучу зат бар" деген билдирүү телефон аркылуу белгисиз адам тарабынан түшкөн.

"УКМКнын жана ИИМдин атайын ыкчам тергөө тобу "Ата-Түрк" сейил багын курчоого алып, элдерди эвакуациялаган. Издөө иштеринин натыйжасында, ал жерде эч кандай жарылуучу зат табылган эмес" - деп маалыматта айтылат.

Ошондой эле жалган маалымат тараткан адамды УКМКнын жана ИИМдин ыкчам иликтөө тобу кармады.

"Жалган маалымат тараткан деп Бишкек шаарынын тургуну 44 жаштагы эркек адам кармалды" - деп айтылат маалыматта.

Учурда ИИМ бул ишти УКМКга өткөрүп берген, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
salimbek87.kg
2018-04-08 21:18:07
Урматту супер жамааты кече өзбек тарапка нота жөнөттүк деди эле ошонун жообу не болду маалымат болсо чыгарсаңар. Бүгүнкү тажик тарап кирип келген баткендеги окуя не болду маалымат барбы? Мезгил ден артта калып калбайлы?
+16
aksy94
2018-04-09 16:48:21
salimbek87.kg,озбекстан биздин нотаны уруп ойнойбу биздин бийликтегилерди тенине албайт болсо керек ал уже кыргыз жаранга куноону койду биздикилер эч нерсе дей албайт
0
Djumahmatov
2018-04-09 01:06:36
Мен эч эле тушунбойм ушу адамдарга бош калышса эле бомба бар деп милицияларды ит кылышат байкайсынарбы бизде коп катталат ушундай окуялар
+1
Rifle_I
2018-04-09 08:49:15
Djumahmatov,атың чыкпаса жер өрттө
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан