Бүгүн, 8-апрелде Кант жана Кочкор-Ата шаарларында футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 1-турунун беттештери орун алды. Анда "Абдыш-Ата" "Алга" командасын кабыл алса, "Нефтчи" "Академия" командасы менен беттешти.
"Абдыш-Ата" (Кант) - "Алга" (Бишкек) - 0:0
Кант шаарында орун алган "Абдыш-Ата" менен "Алганын" тиреши 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. Беттештин алгачкы таймында "Абдыш-Ата" командасынын оюнчулары топко көбүрөөк ээлик кылып, атаандашынын дарбазасында бир топ кооптуу абалдарды жаратса, "Алганын" оюнчулары 2-таймда гол киргизгенге үлгүрдү. Бирок калыс офсайд абалын байкап калып, гол эсептелген жок. Муну менен "Абдыш-Ата" менен "Алга" 1 упайдан бөлүштү.
"Нефтчи" (Кочкор-Ата) - "Академия" (Ош)
Кочкор-Ата шаарында жергиликтүү "Нефтчи" Оштун "Академия" командасын кабыл алды. Беттештин жыйынтыгында "Нефтчи" командасы 2 гол киргизсе, "Академия" командасы жооп бере алган жок.
Муну менен "Нефтчи" командасы 3 упайга ээ болсо, "Академия" командасы упайсыз калды.