Дзюдо боюнча "Гран-при Анталия" мелдеши: Бекболот Токтогонов коло медаль үчүн беттеште жеңилип калды

Бүгүн, 8-апрелде Түркиянын Анталия шаарында дзюдо боюнча "Гран-При Анталия 2018" аталышындагы мелдеши жыйынтыкталды. Анда эркектер арасындагы 100 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Фарух Булеркулов катышса, 100 килограммдан жогору салмак ченинде Юрий Краковецкий менен Бекболот Токтогонов катышты.

Фарух Булеркулов алгачкы беттеште эле жеңилүү ызасын тартты. Анын атаандашы австриялык Лаурин Бойлер беттештин соңуна 49 секунд калганда таза жеңиш менен жеңип алууга үлгүрдү.

Юрий Краковецкий жарым чейрек баскычтын алкагында грузиялык Георги Закаридзе менен кездешти. Беттештин 2-мүнөт 19-секундасында Краковецкий атаандашын көтөрүп чаап, иппон менен утуп алды. Чейрек финалдын алкагында Юрий Краковецкий бразилиялык Жонас Иноценсио менен күч сынашты. Беттештин кошумча мүнөттөрүндө Краковецкий 3 эскертүү алып жеңилип калды. Бразилиялык дзюдочу финалга аттанган үчүн Краковецкий көңүл жубатуучу раундда күч сынашууга мүмкүнчүлүк алды. Анда ал кубалык Энди Гранда менен кез келип, кайрадан кошумча убакытта 3 эскертүү алып, жеңилүү ызасын тартты.

Бекболот Токтогонов алгачы беттеште казакстандык дзюдочунун үстүнөн жеңишке жетип, жарым чейрек финалда австриялык Стефан Хэгейлини жеңип алды. Чейрек финалдык беттеште Токтогонов сербиялык Зарко Кулум менен беттешип, беттештин соңуна 1 мүнөт 44 секунд калганда Токтогонов атаандашын көтөрүп чаап иппон менен утуп алды. Муну менен бул мелдеште Токтогонов жарым финалга өткөн алгачкы Кыргыз спортчу болду. Финалга чыгуу үчүн беттеште Бекболот Токтогонов орусиялык Инал Тацоев менен беттешти. Беттештин соңуна 3 мүнөт калганда Тацоев чабуулду мыкты аткарып, Токтогоновдун үстүнөн иппон менен жеңип алды. Коло медаль үчүн күрөштө Токтогонов кубалык Энди Гранда менен кездешип, 3 мүнөттүн ичинде жеңилип калды.

Муну менен Кыргыз дзюдочулар аталган мелдеште медалдарга илинген жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан