ЖЫЛНААМА, 9-АПРЕЛЬ: "Күүгүм" тасмасы аркылуу таанылган актриса Кристен Стюарт 28 жашка толду

Америкалык актриса Кристен Стюарт 1990-жылы 9-апрелде АКШнын Лос-Анжелес шаарында туулган. Анын таланты бала кезинен билинип, 8 жашынан баштап тасма талаасына аралаша баштаган. Алгачкы эң чоң ролу голливуддук Дэвид Финчердин "Коркунуч бөлмөсү" тасмасындагы ролу болгон. Андан соң актрисага удаасынан сунуштар түшүп, ал дүйнөгө белгилүү режиссёрлор менен иш алып барган. Бирок атактуулукту "Күүгүм" тасмасы алып келген. 2013-жылы белгилүү "Forbes" журналы Кристен Стюартты Голливуддагы Анжелина Жоли, Женнифер Лоуренстен кийинки эң көп акча төлөнгөн актриса деп атаган.

Актриса бой жеткенге чейин эле 18 тасмага тартылган. Бирок миллиондогон гонорарларга жеткирген даӊгыр жолду ага актёр Роберт Паттинсон менен ойногон популярдуу "Күүгүм" тасмасы ачып берген. Аталган тасма 2008-жылы дүйнөлүк сатыкка чыккан.

"Андагы Белланын образын жаратуу үчүн актриса жашыл көзүн жашырып, күрөӊ түстөгү линза кийген. Бул тасмадан алган 2 миллион доллар гонорарына Лос-Анжелестен заӊгыраган үй сатып алып, үй-бүлөсүн көчүрүп кеткен", - деп жазышат чет элдик басылмалар.

Кристен Стюарт жеке жашоосу тууралуу ачылып айта бербейт. Ошентсе да Голливуддун жылдызы, миллиондогон мырзаларды суктандырган жаш актрисаны папараццичилер көз жаздымда калтырбайт. Ал алгач "Сүйлө" тасмасындагы өнөктөшү, актёр Майкл Ангарано менен 5 жылга чукул мамиле курган. Кийин "Күүгүмдөгү" өнөктөшү Роберт Паттинсон менен кыз-жигит экендиги айтылып жүргөн. Ал эми азыр актриса жигиттей болуп кийинип, өзүнүн бисексуал экенин жашырбайт. Эркектер менен эмес, кыздар менен мамиле кура баштаган актрисанын бул кадамын психологдор ийгиликсиз сүйүү менен байланыштырып келишет.

9-апрелдин жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан