Крымда жол кырсыгынан 5 адам каза болду

Крымда электр поезд менен кичи автобус сүзүшүп, 5 адам каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 8-апрелде Крымдын түндүгүндөгү Армянск районунда катталган. Анда электр поезд менен кичи автобус сүзүшүп алган. Натыйжада 5 адам каза болуп, 4 адам жаракат алган. Алдын ала маалыматтар боюнча жол кырсыгына кичи автобус себепкер болгон.

Ошондой эле маалыматта каза болгон жана жаракат алган адамдардын баары кичи автобустун жүргүнчүлөрү болушканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан