Футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы Өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өлкө биринчилигинде жалпы 8 команда күч сынашат. Беттештердин 1-туру Бишкек, Кант жана Нарын шаарларында 28-апрелде өтөт, ал эми 2-туру 29-апрелде болот. Кийинки оюндар май, июнь, июль айларында өлкөнүн башка шаарларында өткөрүлөт.
1-тур 28-апрель
Кант шаары саат 10:00дө
ЧО СДЮШОР - "Каракол"
Кант шаары саат 11:00дө
"Абдыш-Ата" - "Южанка"
Бишкек шаары саат 11:00дө
Футболдук борбор - "Эдельвейс"
Нарын шаары саат 09:00дө
"Теңир-Тоо" - "Ысык-Көл".