SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коногу - белгилүү ырчы, композитор, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жамиля Муратова.
Көпчүлүккө белгилүү "Ак кайың", "Кызгалдак", "Сизге", "Каркыралар" деген ырларды аткарган ырчы музыкалык окуу жайлардын биринде вокалдан сабак берет. Анын окуучуларынын катарында жаш ырчылар Каныкей, Иса Өмүркулов, Даниель, Максат Бегалиев, Гүлжигит Калыков, Айдана Дека жана башкалар бар.
2017-жылы мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамы тапшырылган.
Жамиля Муратовага арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине узатыңыз. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып да жооп алсаңыздар болот. Ырчы сиздин суроолорго 11-апрель күнү саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын Түз эфиринде жооп берет.
Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.