Сокулукта жол кырсыгынан бир адам каза болду. Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен

Сокулукта жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жайдан жеңил унаа бир адамды сүзүп, ал каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.

"Жол кырсыгы 6-апрель күнү Сокулуктун Фрунзе жана Белинский көчөлөрүнүн кесилишинде саат 23:30дар чамасында болгон. Анда жөө жүргүнчүлөр өткөн жайдан өтүп бараткан адамды жеңил унаа сүзүп кеткен. Натыйжада 47 жаштагы адам окуя болгон жерден каза болгон", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Учурда аталган жол кырсыгы Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
datkayimjan
2018-04-09 17:47:26
Сокулукта жолдон отуу абдан кооптуу. Полоса,пешеходдогу зебра деген нерселердин изи да жок. Машиналар да каалаган жеринен бурулуп,каалагандай обгон кылышып,айтор башаламандык. Айрыкча базардын жаны. Бул маселени аким карайбы же ким?
0
Rashit
2018-04-09 21:06:34
Кырсык каш кабактын ортосунда денег соз бар.машина минген кее бирки жиндилер бар башы козуноно карабай айдайт алар качсада камалса да жер бетинде тируу уйуно келет .а олгон болсон жашоон тугойт же инивалит бп калсан омур боюу азап чегесин кудай сактасын баарын этиат болуу ее жинди шаферлоду кунолобой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан