Чүй облусунун Сокулук районунда жол кырсыгынан улам каза болгон жөө жүргүнчүнүн артында үч уулу жана бир кызы калды. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде SUPER.KG порталына маркумдун эжеси Кишимжан Арзыкулова айтып берди.
Анын айтуусуна караганда, каза болгон адамдын үй-бүлөсү аз камсыз болгон. Үйүндө жалгыз өзү гана жыгач цехте иштеген.
"Окуя үйүнүн жанындагы чоң жолдун жээгинде болгон. Байкесинин үйүнө барып, андан өзүнүн үйүнө келе жатканда кара түстөгү унаа сүзүп кетиптир. Кырсыктан бир буту жулунуп кеткен. Бүгүн акыркы сапарга узатып жатып жуунтканда, мээси да чачырап кеткенин көрдүк. Иним 31-мартта 47 жашка толду эле, анын артында 3 уул, 1 кызы калды. Эң улуусу 18 жашта, ал быйыл эле мектепти бүтүргөн, калган үчөө мектеп окуучулары болчу.
Учурда сүзүп кеткен айдоочу табыла элек, бирок көргөндөр инимди кара түстөгү "БМВ" үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткенин айтып жатышат. Күбөлөр Сокулуктун баш жагында ошол унаанын жогорку ылдамдыкта айдап келе жатканын көргөн экен. Эл көргөндү милициянын таппай жатканы таң калычтуу", - дейт маркумдун эжеси.
Эске салсак, Чүй облусунун Сокулук районунда белгисиз унаа жөө жүргүнчүлөр өтчү жайдан өтүп бара жаткан адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал эми жолдон өтүп бара жаткан 47 жаштагы адам ошол жерде каза болгон.