КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Мирбек Атабековдун "Энекем, ай" ыры саундтрек болгон "Апамды издеп" тасмасы SUPER.KG порталында

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө Руслан Акун режиссёрлук кылган "Апамды издеп" тасмасы жүктөлдү.

Анда башкы каармандардын образын Азамат Уланов менен казак актёру Тауекел Мусилим жаратышкан. Ошондой эле анда Марат Козукеев, Жеңишбек Майрамбек уулун жана башка америкалык актёрлорду көрүүгө болот. Тасма Кыргыз өлкөсүндө, Казакстанда жана АКШнын Лос-Анжелес шаарында тартылган. Белгилүү болгондой, ырчы Мирбек Атабековдун "Энекем, ай" аттуу ыры бул тасманын саундтреги.

Тасмада Азамат аттуу башкы каармандын балдар үйүндө тарбияланып, өзгөчө эс-тутумга ээ, акылдуу болуп, анын апасын издөө кыялы көрсөтүлөт. Бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөргөн каарман бир күнү Голливудга апасын издеп сапарга аттанат. Бейтааныш эл, бөтөн жерге эч бир таанышы жок барган кичинекей каарманды тагдырдын түрдүү сыноосу, күтүлбөгөн окуялар жана америкалык жашоочулар менен кызыктар күтүп турган болот. Башкы каармандын атасына эмне болгон, ал өмүр бою издеген апасына жолугуп, Америкадан алып келеби деп ойлондуңуз беле? Жашоодо эмне маанилүү, акчабы же ата-эне жана достукпу? Ушул сыяктуу дагы көптөгөн суроолорго тасмадан жооп табууга болот.

"Апамды издеп" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bek94
2018-04-09 22:18:40
Мен биринчи
0
nemo2016
2018-04-09 23:21:50
Мен Москва коргом эле кинотеатр да Жогорку денгелде тартылган кино экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан