Футзал боюнча Суперлига: финалда "Алга" менен "EREM" командалары беттешет

Бүгүн, 9-апрелде футзал боюнча Өлкө биринчилиги - Суперлиганын жарым финалынын жооптук беттештери орун алды. Анда Бишкек шаарында "Алга" командасы "Фарватер" менен кездешсе, Кызыл-Кыя шаарында "EREM" менен "Мурас" командалары күч сынашты.

"Алга" (Бишкек) - "Фарватер" (Бишкек)

Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) бишкектик командалар кез келишти. Беттештин биринчи таймын "Фарватер" командасы 0:2 эсебинде утуп жыйынтыктады. Станислав Кононенко 4-мүнөттө эсепти 0:1 кылса, 15-мүнөттө эсепти 0:2ге айлантты. "Алга" командасы бир топ аракет жасаганы менен таамай боло алган жок. Муну менен командалар тыныгууга кетишти. 2-таймды "Алга" командасы активдүү баштап, 27-мүнөттө Файзали Сардоровдун жардамы менен эсепти 1:2 кылса, 30-мүнөттө Азат Исабеков эсепти тең кылганга үлгүрдү. 36-мүнөттө Саламат Мамбеталиев таамай соккусу менен командасын алдыга чыгарса, беттешин соңуна 3 мүнөт калганда Рустам Эрмеков эсепти 4:2 кылып кетти. Ал эми Файзали Сардоров 38-мүнөттө эсепти 5:2ге айлантып, 39-мүнөттө эсепти 6:2 кылып оюнга чекит койду. Бул жыйынтык менен "Алга" командасы финалга өттү.

Эске салсак, жарым финалдын алгачкы беттешинде "Алга" командасы акыркы мүнөттөрдө эсеп санын 3:2 кылып, жеңишти илип кеткен.

"Алга" (Бишкек) - "Фарватер" (Бишкек) - 6:2

Биринчи оюндун жыйынтыгы: 3:2

"EREM" (Ош) - "Мурас" (Ысык-Көл)

Кызыл-Кыя шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) "EREM" командасы ысык-көлдүк "Мурасты" тосуп алды. Беттештин жүрүшүндө "Мурас" командасы 2:4 эсебинде утуп жатып жеңишти тарттырып ийди. Беттештин 2-бөлүгүндө "EREM" командасы эсепти 8:4гө айлантып, жеңишти илип кетти.

Эске салсак, жарым финалдын алгачкы беттешинде "EREM" командасы конокто ойногон, анда анын оюнчусу Улан Байгазы уулу, финалдык ышкырыкка саналуу секунддар калганда эсеп санын өзгөртүп командасына жеңиш алып келген.

"EREM" (Ош) - "Мурас" (Ысык-Көл) - 8:4

Биринчи оюндун жыйынтыгы: 2:1

Муну менен Бишкектин "Алга" командасы жана Оштун "EREM" командасы финалда беттешмекчи. Финалдык беттештер 14-15-апрелде жана 21-22-апрелде орун алмакчы. Эгерде 4 беттештин жыйынтыгында командалар тең чыкса, алар 5-беттешти өткөрүшөт. Ал 28-апрелде Бишкек шаарында орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан