ЖЫЛНААМА, 10-АПРЕЛЬ: Самара Каримова: "Сериалга тартылып жүрүп туулган күнүм экенин унутуп калыптырмын"

Бүгүн, 10-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Самара Каримова 27 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканда, ал 27-жазын жылдагыдан өзгөчө тосуп жатканын билдирди.

"Туулган күнүм үй-бүлөлүк майрам болуп эсептелет. Бул ирет оригиналдуу куттуктоолорго, белектерге маарып калдым. Кечээ "Акшоола" сериалына тартылып, аябай чарчап уктап калгам. 10-апрель туулган күнүм экенин унутуп калыптырмын. Түнкү саат 12ден кийин сериалдын жалпы жааматы таттууларын, белектерин көтөрүп үйгө келишиптир. Абдан ыраазы болдум. Бүгүн чыгармачылыктагы кесиптештерим, жакын санаалаштарым жана үй-бүлөм менен борбордогу ресторандардын биринде чакан кече өткөрөбүз", - дейт ал.

Көп кырдуу талант ээси Самара Каримова 1991-жылы 10-апрелде Баткен облусунун Лейлек районундагы Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин актёрлук бө­лү­мүндө 2 жыл окуп, турмушка чыкканына байланыштуу Ош шаарына которулган.

"Атам мугалим, ошондой эле чыгармачылыкка жакын болуп, аккордеондо мыкты ойночу. Коӊшу мамлекеттерге ырдап көп барчу. Өзбекстандын Самарканд шаарында союз мамлекеттеринен 14 өлкө катышкан жыйын болуп, атам ошол жакка кетерде апамдын толгоосу башталыптыр. Анан аны төрөт үйүнө таштап, доктурларга «мен келгенде уулдуу болдуӊ деп сүйүнчүлөсөӊөр 1000 сомдон берем» деп кеткен экен. Бирок 6 кыздан кийин 7-си болуп мен төрөлүп жатпаймынбы. Атам кайтып келсе төрөт үйүнүн эшигин эч ким ачпайт имиш. Апамды чакырса ал коркуп, мени кучактап палатанын бурчуна отуруп алыптыр. Анан "кыз болсо деле мейли, эшикти ачкылачы" деп белек-бечкегин, сүйүнчүсүн берген экен. Атам "Самарканддан келгенимде төрөлгөн кызым" деп атымды Самара койгон. 7 жашка чыкканымда иним Сагынбек төрөлүп, менин "авторитетим" түшүп калды. Инимден ата-энемди кызганып, бешикте уктап жатса көзүмө көрүнгөн нерсени оозуна салып качып кетчүмүн. Ыйласа чымчып, буту-колун кайрып салчумун", - деп эскерет бир туугандары жөнүндө.

Ырчы айым 2011-жылы музыкант, Ош драма театрынын жетекчиси Асан Мансуровго турмушка чыгып, Алихан, Барсбек аттуу уулдуу жана Даткайым деген кыздуу болушкан.

"Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча Самара Каримова "2014-жылдын супер дебюту" наамынын ээси болгон. Ошол эле жылы Жүмамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына арналган республикалык конкурстун баш байгесин утуп алган. Таттыбүбү Турсунбаева, Мыскал Өмүрканова атындагы сыйлыктардын лауреаты. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы менен сыйланган.

Самара Каримова ырчылыктан тышкары спектаклдерде роль жаратып келет. Учурда "Акшоола" кыргыз телесериалында башкы каармандын образын чагылдырууда.

10-апрелдин жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Aznazalai
2018-04-10 11:40:46
Кантип эле унутуп каласын.
+12
zhaku2017
2018-04-10 11:42:09
Сулуулугунда баа жок. Озгочо коздору.
-5
filis
2018-04-10 11:47:18
Адам ийгилике жетсе, анын бир душманы пайда болот. Ал анын артындагы коро албастар. Ушинтип артынан ушак узатып.
-7
rejepova
2018-04-10 12:04:34
Иий бул мени мн тен тура. 2011ж мен нанды няня деп жургондо, бул турмушка чыгып кеткен экенда.
+9
Kunbeken
2018-04-10 12:04:38
бактылуу болгула
-8
nurka0390
2018-04-10 12:10:04
Кокуууй шерменде 91деп эчким айтпайтко буну чалга тийип алса баривир картан корунот экенда озуделе
+9
Aibek99
2018-04-10 12:13:57
жамандатып эле койсо силерди
-4
aiba.8327
2018-04-10 12:26:44
оло жагатта ушул айым татынакай го...ХХХХХХХХХХХх
-9
saana
2018-04-10 12:30:59
Кечее эле Инстаграмда туулган кунумду эки уч кун мурун куттуктап жатышат деп айтбады беле Эми кантип эле кутуп аткан туулган кунун унутуп койсун 27чи жазым деп
+17
eddi.
2018-04-10 12:37:56
Ушул кара кыз мага жакпайт да,бирок ырлары жакшы
-6
Lada2115
2018-04-10 12:49:14
Кантип эле унутуп калсын кулкуну келтиретко накта артиз турбайбы
+8
Darika2017
2018-04-10 13:06:18
Калпты кичине окшоштурса болмок...
+6
Janna07
2018-04-10 13:13:45
ХХХ кантип эле унутуп калсын. Унутуп калыпмын деп супперге бир тема болуп берейин дептирда.
+4
Cleo-13
2018-04-10 13:52:54
Аябай кенен жазгансынарго супер.
+5
Karakash
2018-04-10 14:45:00
Анжелика менен сенин рекламан бутпос болдуго. Озунорду укмуш эле PR кыласынар жалганды суйлоп.
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан