Белгилүү мушкер Флойд Мейвезер кетип бара жаткан унаага ок атуу болду

Белгилүү мушкер Флойд Мейвезер кетип бара жаткан унаага ок атуу болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Атлантада белгисиз адамдар америкалык мушкер Флойд Мейвезер кетип бара жаткан кортежди аткылап кетишкен. Алдын ала маалыматтар боюнча мушкер эч кандай жаракат алган эмес, бирок анын жан сакчысына ок тийип ооруканага жеткирилген.

"Бактыга жараша, Мейвезер эч кандай жаракат алган эмес. Бул атайын уюштурулган кол салуу экени көрүнүп турат. Окуя мушкердин кортежи түнкү клубдан чыгып мейманканага бара жатканда болгон", - деп билдирген полиция кызматы.

Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүүлөр изделүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kechirmeni
2018-04-10 08:22:37
Тунку клубда балээ барбы, тынч эле уйундо отурбайбы
+2
Mularamov
2018-04-10 12:20:12
kechirmeni,
aiashtarga barsa kerek
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан