Бүгүн, 11-апрелде АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын 3-туру орун алат. Анда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында жергиликтүү "Истиклол" Оштун "Алай" футболдук клубун кабыл алат.
Аталган беттеш Дүйшөмбү шаарындагы "Памир" стадионунда орун алмакчы. Беттештин башталышы Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө.
Буга чейин командалар 2017-жылы 2 жолу кездешкен. Анда "Алай" командасы өз талаасында өткөргөн беттеште 3:1 эсеби менен жеңилсе, коноктогу беттеште 4:1 эсебинде утулуп калган.
Айта кетсек, "Алай" футболдук клубу АФК Кубогунун тандап алуу этабында "D" тайпасына туш келген. Анда оштук команда түркмөнстандык "Алтын-Асыр", "Ахал" жана тажикстандык “Истиклол” командалары менен кез келет.
Эске салсак, Оштун "Алай" футболдук клубу АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында 2 оюн өткөрдү. Анда 7-мартта 1-турдун алкагында "Алай" түркмөнстандык "Алтын-Асырга" 3:6 эсебинде жеңилсе, 13-мартта түркмөнстандык "Ахал" менен беттешип 5:0 эсебинде жеңилип калды.