Австралияда өтүп жаткан Достук оюнунда британиялык оор атлет Жошуа Парри штанганы көтөргөндөн кийин эс-учун жоготуп кулады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 27 жаштагы Британиянын спортчусу Жошуа Парри 160 килограмм салмактагы штанганы түртүп жатып эс-учун жоготуп жерге кулаган. Спортчу штанганы ийинине чейин булкуп көтөргөн, бирок андан жогору көтөрүүгө жасаган аракетинен майнап чыккан эмес.
Жерге кулаган спортчуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, анын эс-учун жоготкондугунун себеби кычкылтектин жетишсиздигинен улам болгон деп аныктама беришкен. Жошуа Парри эсине келип элдердин кол чабуусу менен мелдеш залынан чыгып кеткен.