Бишкекте чыккан өрттүн кесепетинен 23 адам жабыр тартты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 18-июнда болжол менен саат 20:30да “Тез жардам” кызматына Чыгыш-5 кичи районундагы көп кабаттуу үйдө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Кырсык болгон жерге “Тез жардам” кызматынын 4 бригадасы барып, 23 адамга медициналык жардам көрсөткөн. Натыйжада 5 адам, алардын ичинде 2 бала ооруканага жаткырылды. Учурда 22 жана 44 жаштагы жарандардын абалы оор.