Балыкчы шаарындагы жатак абагынан эки адам качты

Балыкчы шаарындагы жатак абагынан 2 адам качып кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуя 8-апрель күнү Балыкчы шаарындагы 51-жатак абагында болгон. Качып кеткен жарандардын бири 1979-жылы туулган Зафаржон Исматов уурулук боюнча 2 жылга соттолгон Тажик жараны болсо, экинчиси Аскаржон Буриев - 1984-жылы туулган, жасалма документ жасап 4 жылга эркинен ажыратылган Өзбек жараны.

Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, издөө иштери уланууда. Козголгон кылмыш ишинин негизинде качкандарга дагы 2 жылдык мөөнөт менен жаза жүктөлөт.

Учурда бардык чек ара өтмөктөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
eddi.
2018-04-10 12:14:02
Качкындардын сүрөттөрү жокпу,таанып билсек жардам берет элек
+3
zhaku2017
2018-04-10 13:09:27
Качкан кой - карышкырга жээм болот.
+3
tular
2018-04-10 14:37:54
Акча берсе качырып жибериштида!
-2
Artyr1994
2018-04-10 15:19:41
tular,доодурой бербечи сен ЖАМКнын абактарын корсон анан ынанасын. Биз служба кылып жургондо 1солдат кееде 1км чейин карайт элек а закондун негизи 200 300 сотрудник жетишбейт. Камера коюш керек
+2
Sarychelek9286
2018-04-11 00:22:09
Кантип эле качып кетет да.оздору жардамдашбаса
0
basyz-kaman
2018-04-11 08:07:36
"Жатак абак"? Ошондо жатагы жок абактар дагы барбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан