SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө ырчы Алмаз Шаадаевдин 2017-жылдын 4-ноябрында койгон "Сыйкырдуу" аталышындагы жеке концерти жүктөлдү.
Бул ырчынын борбор калаага койгон 2-жеке концерти.
"Биринчи концертимде көп кемчиликтер болгон, экинчи концертте анын баарын жоюуга көп күч жумшаганбыз. Концертти фокусчулар коштоп, элге болушунча "сыйкырдуу" атмосфера түзүп берүүгө аракет кылганбыз. Даярдануу үчүн жалпысынан 2 айдан ашуун убакыт кеткен. Баарынан да кызыгы, дал ушул концертимде "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйлангам. Бул мага чоң стимул берип, мындан ары да талыкпай эмгектенгенге дем-күч болду", - дейт ырчы.
2 сааттан ашуун убакытка созулган концертте ырчынын "Фаридам" аталышындагы альбому жарык көргөн. Анда Сакиш менен Бопуш алып баруучулук милдетти аркалап, көрүүчүлөр залдын 99 пайызын түзгөн. Кечени Алмаз Шаадаевдин сахналаш достору коштоп, элге жакшы маанай тартуулашкан.
Алмаз Шаадаевдин "Сыйкырдуу" концертин көрүү үчүн шилтеме.