SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө интернетте кызуу талкууга алынган "Албарсты" тасмасы жүктөлдү. Анда Данияр Байкожоев, Тургунай Эркинбекова, Эльдияр Эркинбек уулу жана башкалар роль жаратышкан.
Кинонун режиссёру - Бакыт Асылбек уулу. Анын айтымында, тасманын идеясы элге таандык.
"Албарсты жөнүндө кино тартуу идеясы элдики. Буга чейин бир топ адамдар кино тартабыз деп, бирок ишке ашырышкан эмес. Кыргызда коркунучтуу тасма тартуу жайылган эмес, биз тобокелдикке салып, тартып койдук. Тартуу учурунда коркуп жаттык, бирок "албарсты мени басты, анан мен аны бастым" деп ырдап жаттык. Ошентип, бул ырга айланып кетти. Тасма олуттуу драма болгондуктан албарсты жөнүндөгү тамашалуу ырды кошкон жокпуз. Элге жакса, уландысын да тартабыз", - дейт ал.
"Албарсты" тасмасы жаш, балалуу боло албаган түгөйлөр жетим балдар үйүнөн Улан аттуу кичинекей баланы багып алуусунан башталат. Ал бала үйгө келгенден тарта сырдуу, коркунучтуу өзгөрүүлөр сезилет. Күйөөсү өзүн жоготуп, түшүнүксүз жүрүм-туруму менен аялын, багып алган баласын коркута баштаса, кош бойлуу коӊшусу сырдуу өлүмгө дуушар болот. Башкы каарман бул өзгөрүүнүн баары албарстынын айынан болуп жатканын билип, баласын сактап калуу үчүн колунан келген аракетин кыла баштайт. Жадакалса мүрзөгө чейин барып, кабырга кирет... Бирок ошол учурда анын артынан да өлүм аӊдый баштаган эле...
"Албарсты" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.