Бишкектин тургунунан опузалоо жолу менен 50 миң доллар талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Бишкекте опузалоо жолу менен 50 миң доллар талап кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 44 жаштагы Ш.У. аттуу адам милицияга 2016-жылдан бери зордук-зомбулук көрсөтүп, коркутуу жолу менен 50 миң доллар талап кылып жаткан бир нече адамга карата тийиштүү чараларды көрүүнү сурап кайрылган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (опузалап акча талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, милиция кызматкерлери атайын иш-чара уюштурган. Анын жүрүшүндө 100 миң сом акча алып жаткан жеринен, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын ыкчам каттоосунда турган 43 жаштагы О.А. аттуу Чүй облусунун Кемин районунун тургуну жана мурда бир нече жолу соттолгон 60 жаштагы А.Б. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалган.

Кармалган жарандар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aksy94
2018-04-10 18:54:56
Жарылып кетейн дептирго
+4
Baatirbek81
2018-04-10 18:55:50
Мындай челектерге каттуу чара көрүш керек гөнгөн адатын кайра кайталагыс кылып.
+8
suban78
2018-04-10 19:21:41
Арамтамактар, ушундайлардын айынан канчалаган ишкерлер бизнесин онуктуро албай жатса керек
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан