Бүгүн, 10-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Бишкектеги тойканалардын биринде туулган күнүн белгилөөдө. Ырчынын туулган күнүнө 100дөй конок чакырылган.
"Жаз мезгили келери менен туулган күнүмдү күтүп баштайм. Өрүк гүлдөгөн маалда төрөлгөм. Андыктан залдын ичин да гүл жыттанып турсун деп сакура, өрүктүн гүлдөрү менен кооздоттум. Негизи аз эле адамдын курчоосунда белгилейм деп ойлогом. Бирок досторум, жакындарым болуп 100дөй киши болуп кетти. Учурдан пайдаланып мени жарык дүйнөгө алып келген ата-энеме рахмат айтам", - деди Каримова.
Ырчыны туулган күнү менен куттуктап сахналаштары Алтынай Нарбаева, Салима Балтаева, Урмат Усенов, Неля, Гүлнара Кахарова Каныкей, диктор Чынар Капарова, алып баруучу Назира Бердигулова жана театр актёрлору келишти.
Самара Каримованын туулган күнүнөн видеорепортажды эртең "СуперТв" бөлүмүнөн көрө аласыздар.