Ырчы Жумагүл Раимжан кызынын Бишкектеги алгачкы концертинде зал 90 пайызга толду

Бүгүн, 10-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында ырчы Жумагүл Раимжан кызынын "Оорусаңыз таарынам" аттуу жеке концерти өттү. Буга чейин Ош шаарында бир нече ирет концерт берген ырчы Бишкекте алгачкы жолу чыгармачылык кечесин өткөрдү.

"Борбор калаада концерт берүү үчүн толук 1 ай даярдандым. Атайын дизайнерлер менен иштешип, 5 көйнөк тиктирдим. Эмгектин акыбети кайтып, куттуу сахнада концертим ийгиликтүү башталды. Менин чыгармачылыгымды колдоп келген сахналаш досторума жана жалпы күйөрмандарыма ыраазычылыгымды билдирем", - деди Раимжан кызы.

Салтанаттуу кеченин 70 пайызы жандуу үн менен коштолду. Алып баруучулук кызматты Чыңгыз Мырзаев жана Нурзат Токтосунова аркалашты. Жумагүл Раимжан кызын куттуктап, ырчылар Кенже Дүйшеева, Гүлжигит Калыков, Омар жана Анжелика келип, ыр-белектерин тартуулашты.

Кеченин жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев, "Кара-Суу" коомунун жаштар комитетинин төрагасы Айбек Осмонов сахнага чыгып, Жумагүл Раимжан кызынын Бишкектеги алгачкы концерти менен куттукташты. Алар маданият тармагына кошкон салымы үчүн ырчыга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыраазычылык катын жана акчалай белектерин беришти.

Концертке келген көрүүчүлөр залдын 90 пайызын түзүп, кече 2 саатка созулду.

Бишкекте алгачкы концертин берген Жумагүл Раимжан кызы: "Концерт үчүн өзгөчө 5 көйнөк тиктирдим"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Muslim_KGstana.
2018-04-10 23:15:49
Балаа Бишкекке барып концерт койсо))
+3
Ernic
2018-04-10 23:44:42
Muslim_KGstana.,Бишкектен коюптур
0
Beks.Kasymov
2018-04-10 23:37:11
охоо Жумаш абжем Бишкекте концерт берип Самаш абжем Бишкекте туулган кун откоруп оштуктур рулииит уахахах(Бекс.Ош 24 год)
-12
bond02
2018-04-10 23:43:31
концерт бергенден мурда сахнадагы атынды туура жаздырбайсынбы орусча же кыргызча, мягкий знак ашыкча.
+6
karakulja
2018-04-10 23:49:27
Жумонг молодец
-2
Zainidin96
2018-04-10 23:50:30
Суйомго куйоосу жокпу мунун канчанчы жылкы
-3
NURTILEK_KG
2018-04-10 23:58:14
Залды да кошуп койбопсунарда
0
Pandora
2018-04-11 00:02:50
Улбурогон назик кыз эми бактын пазтадай ачылып турмушка чыгып кет
+3
aman0296
2018-04-11 00:03:46
2 саат аябай эле азго
-1
Nevestkaa
2018-04-11 10:53:47
Жумагүль же Жумагүл деп жазып жумшартуу белгисин алып койбоптур же ү эмес у жазса туура болмок.Багың ачылып турмушка аттанып бактылуу бол Жумаш.
0
evidens
2018-04-11 11:54:18
Сары койногу жакты:)
0
Aima94
2018-04-13 14:02:09
Оператор аябай эле көкүрөгүн тарта бериптир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан