11-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын жооптук беттештери орун алды. Анда Рим шаарында италиялык "Рома" өз талаасында испаниялык "Барселонаны" кабыл алды.
"Олимпико" стадионунда орун алган беттеш 3:0 эсебинде "Романын" жеңиши менен аяктады.
"Рома" алгачкы мүнөттөрдөн баштап курч чабуулдарды уюштуруп, эсеп санын 6-мүнөттө Эдин Жеконун голу менен ачты. 57-мүнөттө "Барселонанын" коргоочусу Жерар Пике өз айып аянтчасында атаандашын кулатып, эреже бузду. "Рома" пенальти тебүүгө мүмкүнчүлүккө ээ болуп, аны Даниэл Де Росси мыкты аткарды. Эсеп 2:0. 82-мүнөттө "Романын" оюнчусу Женгиз Ундер топту бурчтан чыгарса, аны Константинос Манолас башы менен сокку узатып, эсепти 3:0 кылып кетти. Беттештин соңуна чейин "Барселона" эсепти өзгөртүүгө бир топ аракет жасаганы менен таамай болгон жок.
Муну менен эки беттештин жыйынтыгында 4:4 эсеби катталды. "Рома" Барселонада өткөн беттеште 1 гол киргизгени менен Чемпиондор Лигасынын жарым финалына өтө алды.