Чемпиондор Лигасы: "Ливерпуль" чейрек финалдык беттештердин жыйынтыгында "Манчестер Ситини" 5:1 эсебинде утуп, жарым финалга өттү

11-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык жооптук беттештери орун алды. Анда Манчестер шаарында жергиликтүү "Манчестер Сити" "Ливерпуль" футболдук клубу менен кездешти.

"Этихад" стадионунда орун алган беттеш коноктордун жеңиши менен 1:2 эсебинде жыйынтыкталды. Пеп Гвардиоланын шакирттери алгачкы мүнөттөрдө эле чабуулду аягына чейин жеткирип, эсеп санын ачты. "Ситинин" оюнчусу Габриэл Жезус 2-мүнөттө таамай болуп, эсепти 1:0 кылды. Манчестердик команда атаандашына чабуул жасоого мүмкүнчүлүк бербей, өзүнүн курч чабуулдарын уюштуруп жатты. Бирок "Ливерпулдун" коргонуусу мыкты болуп, "Сити" эсепти өзгөртө алган жок. 55-мүнөттө Мохамед Салах эсепти 1:1 кылып кетсе, 77-мүнөттө Роберто Фирмино атаандашынын катасынан пайдаланып, алыскы бурчка узатылган таамай соккусу менен эсепти 1:2 кыла калды.

Муну менен эки беттештин жыйынтыгында, "Ливерпуль" 5:1 эсеби менен "Ситини" утуп, Чемпиондор Лигасынын жарым финалына аттанды.

Манчестер Сити - Ливерпуль. Чемпиондор Лигасы 2018
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Mbappe
2018-04-11 03:45:06
Ман Сити менен Барсаны колдогондор эми кимди колдойт экен бул жагына
+2
madrid7000
2018-04-11 03:49:47
Mbappe,Рома менен Ливерпульду колдошот эми
+3
madrid7000
2018-04-11 03:46:40
Ливерпуль азамат!Судянын катасы Ситинин канын ичти.
+2
Alinur
2018-04-11 03:53:05
Манчестер Сити менен Барселона жарым финалга чыгат, жадагалса финалда ойнойт дегендер каякта?
+4
stepboy
2018-04-11 04:10:57
Гвардиола учту и барса учту ха ха ну и барса 3 0
+3
bazarkyl
2018-04-11 04:22:16
Ливерпуль Бавария, Реал Мадрид Рома окшойт жарым финалда. Ливерпуль ийгилик!
+4
madrid7000
2018-04-11 04:27:16
bazarkyl,Азыр айтса эрте.Эртен оюндан кийин айталы.Тигилердей болуп уят болуп калбайлы анан .
+5
Rasul94
2018-04-11 07:16:15
Ливерпуль азаматсынар.конокто уйдо бирдей экен.кээ бир командалар бар только уйдо ойношот.Жаша Салах.кысказы кечинде абдан сонун эле кылдынар Ситини
+5
Bekzamann
2018-04-11 07:39:10
Барса женилди эми Ливерпульга болеем..
0
Tyty1990
2018-04-11 09:05:57
Барсаны жазбайт го . Аа баса журналист барсанын күйөрманы да. Барсачыларга сабырдуулук тилейм
+5
murat17
2018-04-11 09:15:55
бул команданы тузгон Клопп азаматсын Ливерпуль супер Салах ушул жылы мыкты ойунчу болсо жакшы болмок финалда Бавария-Ливерпуль дегендер барбы
-1
bazarkyl
2018-04-11 10:26:37
murat17,бар бар
-2
Isco23
2018-04-11 09:39:24
Рома рома рлма азаматсынар. Мен куткон матч болду. Сонку кабардын коллонуучулары. Дембеле84. Месси10. Дагы кимдер барле))ухихихихи чыккыла жазгыла же августтагы жеребьевкага чейин дем аласынарбы? Бугун Ювентуска мин болейтетсенер да Реал женет женет алтындарым. Мен дайым айтам кудай коллойт бизди.жаль барселонага
+2
Ka4okrys
2018-04-11 11:52:37
Бар бол Ливерпуль
0
Erl95
2018-04-11 13:22:09
Салах айдай бер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан