Ош облусунун Ноокат районунда жол кырсыгынан 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 9-апрелде саат 13:00дөр чамасында катталган. Анда Ош-Исфана жолунун 32-чакырымында Ноокат районунун Калдай айылы аркылуу өткөн бөлүгүндө Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп алган. Натыйжада ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унаанын 3 жүргүнчүсү жаракат алып, ооруканага кайрылышкан.
Ошондой эле аталган маалыматта 2 унаа тең айып аянтчасына токтотулуп, иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылат.