Кыргыз комузчулары Астанада өткөн эл аралык сынакта 1-орунду жеңип алышты

Кыргыз комузчулары Астанада өткөн эл аралык сынакта 1-орунду жеңип алышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Сейтек" улуттук балдар борборунун директору Сабира Челпакова билдирди.

Маалыматка ылайык, комузчулардан турган "Кыргыз көчү" ансамбли Казакстандын Астана шаарында өткөн "Ак көгершин" эл аралык сынагында биринчи орунду ээлеген.

"Астана шаарынын 20 жылдыгына карата өткөн фестивалда Кыргыз өлкөсүнөн жана Орусиядан келген катышуучулар катышты. Сынактар "Вокал", "Элдик аткаруу", "Хореография", "Балдар мода театры" жана башка номинацияларында өткөрүлдү", - дейт жетекчи.

Сынактын негизги максаты балдарды чыгармачылыкка, искусствого тарбиялоо болуп саналат. Фестивалдын жыйынтыгы боюнча "Улуттук аспаптар" номинациясында:

- Акмаанай Асанбекова - 1-даражадагы лауреат (кенже балдар арасында);

- Айсанат Абдирасул кызы - 1-даражадагы лауреат (чоңдор арасында);

- "Кыргыз көчү" ансамбли - 1-даражадагы диплом (аралаш топ);

- "Кыргыз көчү" ансамбли - 2-даражадагы лауреат (ага топ);

- Улан Асанбеков - 2-даражадагы лауреат (ага топ).

Мындан сырткары, топтун жетекчиси Мастура Бердибекова "Эң мыкты устат" диплому менен сыйланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munduz2016
2018-04-11 12:04:34
жакшы жаңылык да окудум э?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан