SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордун Сайкал Садыбакасованын "Кыялымда жашайсың" видеокомпозициясы толуктады. Ырдын сөзү Кудрет Тайчабаров, обону ырчы Мирбек Атабековго таандык. Сайкал Садыбакасованын айтымында, клиптин айрым эпизоддору 1 жыл мурун эле тартылган.
"Клиптин жарык көргөнүнө аз эле убакыт болду. Режиссёру - Мирлан Саткымбаев, идея да ошол адамга таандык. Ал эми Ысык-Көлдөн каарман бала менен тартылган жерлерди мындан 1 жыл мурун эле Алмаз Кудайкулов деген режиссёр тарткан. Чоң сценарий камтылбагандыктан, тартуу иштери тез эле бүткөн. Кызыктуу, эсте калган учурлар кездешкен деле эмес", - дейт ырчы.
4-АПРЕЛДЕН 11-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
10-орун - Автандилдин "Баратам жолдо мына" чыгармасы эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орунда - Малика Динанын "Айтчы себебин" чыгармасы жайгашкан.
8-орунга - Кенже Дүйшееванын аткаруусундагы "Апакем" чыгармасы ээ болгон.
7-орунду - Асема Токтобекованын аткаруусундагы "Сен жана мен" видеокомпозициясы ээлеген.
6-орундан - Урмат менен Нелянын аткаруусундагы "Бактылуу болуп жашайлы" чыгармасы орун алды.
5-орунду - Курал Чокоевдин "Кара-Балта-Кайыңды" чыгармасы камсыздаган.
4-орун - Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Мени унут" чыгармасы мурунку аптадагы көрсөткүчтөн 2 баскычка төмөндөгөн.
3-орун - Ильяз Абдыразаковдун аткаруусундагы "Сенин көзүң башкача" чыгармасына буюрган.
2-орун - Мурунку жумада Ильяс Кудретовдун аткаруусундагы "Өмүр, ай" чыгармасы жеңүүчү аталса, бул ирет бир тепкичке төмөндөгөн.
1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Алмаз Шаадаевдин аткаруусундагы "Эми мага баары бир" композициясы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.
Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн бул шилтемеге баш багыңыз.