Белгилүү америкалык актриса Милла Йовович жолдошу Пол Андерсон менен бирге жашаган Беверли-Хиллздеги үйдүн сүрөтү интернет желесине тарады. Анткени түгөйлөр үйүн сатыкка коюуну чечишкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, жубайлар бул хан сарайды мындан 1,5 жыл мурун 3,9 миллион долларга сатып алышкан. Ал эми учурдагы сатыкка коюлган баасын 4,5 миллион доллар деп бекитишкен.
Үйдө 3 уктоочу, 3 жуунучу бөлмө, сыртында бассейн жайгашкан. Турак жайга толугу менен оңдоп-түзөө иштери жасалган. Дубалдар жана полдор ак түстө.