УКМК: "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмун интернет аркылуу жайылткан адам кармалды"

Бишкек шаарында "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмун интернет аркылуу жайылтуучу адам кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-апрелде Т.У. аттуу 22 жаштагы адам "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун (ДЭУ) демилгечи мүчөлөрүнүн бири катары кармалган.

"Т.У.нун Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун материалдарын социалдык тармактарга мыйзамсыз жайгаштырып, экстремисттик сайттарды редакциялоочу модератор болгону аныкталды. Санкцияланган тинтүү иштерин жүргүзүүдө, кармалган адамдын жашаган жеринен экстремисттик мазмундагы басма жана электрондук адабияттар, мобилдик телефондор, модемдер, ноутбуктар табылды. Бардык таап алынган материалдар Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга дин таануу экспертизасын өткөрүү максатында жиберилди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Аталган иш боюнча 299-берене (Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайлап колдонуу) менен кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
jypara1415
2018-04-11 15:01:19
Бай болгурлар , ким билет тушундуруп койгулачы ? ! Эч ажырата албайм , ушул хизбут - тахри уюму кандай , алар кимдер , кандай зыян келтиришет ? Суроттогу бала кадимки эле жапжакшынакай эле кыргыз баладай го ? Хизбут Тахрир уюму десе намаз окугандар деп тушунчу элем . Же кандай ?
+2
Hacker99
2018-04-11 15:06:35
jypara1415,Хизб ут-Тахрир аль-Ислам (ар. «Ислам боштондук партиясы») - панисламизм багытындагы диний уюм; ислам саясий партиясы.1953-ж. Чыгыш Иерусалимде Такиуддин ан-Набхан негиздеген. Орто Азия, Германия жана Россия мамлекеттери Хизб ут-Тахрир аль-Исламды террористтик уюм деп эсептеп, Россия аймактарында анын ишине тыюу салынган. АКШ бүгүнкү күнгө чейин Хизб ут-Тахрир аль-Исламды терроризмди колдогондордун катарына кошпойт.
0
Hacker99
2018-04-11 15:07:27
jypara1415,-1977-ж. Такиуддин ан-Набхан өлгөн соң, бул уюмду палестиналык Абдул Кадим Заллум, 2003-жылдан Ата Абу Рашта жетектейт. Уюмдун максаты - ислам мамлекетин (халифат) түзүп, ислам шариятындагы акыйкат жашоону калыптандыруу.
0
Hacker99
2018-04-11 15:07:44
jypara1415, Жакынкы Чыгышта жана Түндүк Африкада (Египет, Сирия, Марокко, Тунис, Судан, БАЭ, Йемен, Кувейт, Палестина, Иордания, Ливан, Ирак, Түркия), Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азияда (Бангладеш, Пакистан, Малайзия, Индонезия) жана Австралияда уюмдун филиалдары, 1995-жылдан Өзбекстанда, ошондой эле КМШ мамлекеттеринин (Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Украина, Беларуссия жана Россия) аймактарында уюмдун топтору активдүү иш жүргүзгөндүгү белгилүү.
0
Mamiev
2018-04-11 15:31:22
Темадан алыстай жазайын.зарылбек деген чон курсактуу жепутатка.Сизге караганда ошол Текебаевдин мамлекетке пайдасы коп тийди го дейм кылмышкер болобу таза адам болобу.Силер деген эски бийликтин кучугуно окшоп айтканын аткарып журо бергиле пайдасыз болуп.Текебаев эле эмес коп адам чындыкты суйлойм деп камалды а силердин духунар жетпейт.Суйлоп коргулочу эртен силерди да камайт.Негизи силерге окшогондорду чыкдыкты суйлотпой эле камап салыш керек и так суйлобойсунор дагы чындыкты
+1
i1urp
2018-04-11 16:15:39
Тез арада мамлекет диний саясатты озгортпосо, азыр ислам секталары абдан кобоюп кетти. Азыр кудайдын атын жамынып алып кооз суйлогон акмактар толтура. Элдин билим денгелин которбосо ушуга окшогон уюмдар биздин сокур фанаттардын башын бат эле айлантып салышат.
0
Kunbeken
2018-04-11 16:31:05
i1urp, ошо кантип билсе болот Кудайдын атын жамынып кооз суйлогондор менен чыныгы динчил, такываларды
-1
Mirlan27011987
2018-04-11 16:38:04
Kunbeken,
Биз чынында ыймандашып жатабызбы же исламдашып жатабызбы. Эгер исламдашып кетсек анда шоорубуз бутту дей бер. Кыргыздар тышкы араб иран ислам кучторунун буйруктары менен жашап калабыз. Ошондуктан дин бул ыйман - деп кыйкырып коюшуп, биздин ан сезимибизге жалан башка элдердин идеясын тануулап жатышкандай сезилет.
-1
erlan2196
2018-04-11 16:24:52
Дин бар жерде, созсуз турдо ушундай диний шарлатандар пайда болот. Азыр динди калп эле "ыйман" деп коюшуп, чынында кыргыз элин исламдаштыруу максатын коруп жатышат. Ошондуктан чыныгы ишеним журокто гана болсо бул туура. Анан молдолорду фанат тутуп арабтардын тилине кирип, арабтардын идеясын "ыйман" экен тушуно бербей, заманга жараша туура ой жугуртолу.
-1
zhaku2017
2018-04-11 16:56:17
Азыр имамдар карапайым элди динге угуттоп, элдерди динчил кылып жатышат. Динчил болуп калган элди Хизбутка окшогон ислам секталары оз кызыкчылына пайдаланып жатышат. Ашынган динчил боло беруу туура эмес. Элибиз шарыят деп ээрчиме болуп калбасак болду.
0
Kunbeken
2018-04-11 18:35:58
Сонун тушунугу бар элдер бар экен бул жерде. Дин бул чон тема. Супрге тема ачалы ушу диндин секталарына азгырылып кетпоо учун элдерге кеп кенешиниздерди берсениздер. Теманын аталышын айтсанар ачып койоюн
+1
Mart19
2018-04-11 22:10:27
Негизи кыргыз экенибизди унутуп бараткандайбыз арабдарды ээрчип
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан