Бир нече мүнөттөрдөн соң SUPER.KG`нин Түз эфиринде белгилүү ырчы, композитор, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жамиля Муратованын маеги башталат. Көпчүлүккө белгилүү "Ак кайың", "Кызгалдак", "Сизге", "Каркыралар" деген ырларды аткарган ырчы музыкалык окуу жайлардын биринде вокалдан сабак берет. Анын окуучуларынын катарында жаш ырчылар Каныкей, Иса Өмүркулов, Даниель, Максат Бегалиев, Гүлжигит Калыков, Айдана Дека жана башкалар бар.
Жамиля Муратовага арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот. Ырчы сиздин суроолорго саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын Түз эфиринде жооп берет.
Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
15:00 Ырчы Жамиля Муратованын SUPER.KG`нин Түз эфириндеги маеги башталды. Ырчы алып баруучу даярдаган "Ойготкуч суроолорго" жооп берүүдө.
15:05 Ырчы учурда өзүнүн музыкалык мектебин кеңейтип, жаш ырчыларды тарбиялап жатканын айтты. Ошондой эле улуу небересин быйыл музыкалык мектепке берүүнү пландап жатканын кошумчалады.
"Неберемдин энергиясы абдан күч. Мындан улам аны урма аспаптар бөлүмүнөн билим алуусун каалайм. Өзү да ошону тандады", - дейт ырчы.
15:10 "Азыр "эптемей" ырчылар жок эмес. Колдон келишинче ар бир музыканы тандаган адам билим алуусу кажет. Мисалы, менин курагымдагы ырчылардын көбү абдан таланттуулар. Азыркы ырчылар да ошолордун жолун жолдошун каалайм. Менимче, бара-бара иргелип, жалаң гана мыктылар сахнада калат", - дейт ырчы учурдагы шоу-бизнес тууралуу.
15:15 Суроо: "Сиздин бир да ырыңызды билбейт экенмин. Ушунча жылда эл эсинде калган кайсы чыгармаларды жараттыңыз?"
"Менин чыгармачылыгыма кызыккан адамдар билет. Андай күйөрмандарым да көп. Ушул деңгээлге жеткениме ыраазымын. Ырларым көп. Билгиңиз келсе, SUPER.KG порталынан уксаңыз болот", - дейт ырчы.
15:20 Ырчы социалдык тармактарда талкууга алынган билдирүүсү боюнча айтып берди.
"Менин оюмча, жаштар чет жерде эмес, өз өлкөсүндө иштегенге аракет кылышы керек. Себеби ал жактан кырсыкка кабылып, ал гана эмес жаман жолго түшүп кеткендери да жок эмес. Мындан улам колдон келишинче мекендештер өз үйүндө, жакындары менен бирге болсо деп, аларга күйгөнүмдөн өз оюмду социалдык тармактагы жеке баракчама жазгам. Ар бир адам өз оюн билдирүүгө укуктуу. Түшүнгөндөр түшүнөт, түшүнбөгөндөр аман болсун", - дейт ырчы.
15:25 "Музыкалык окуу жайларда коррупция жок. Себеби канча көп акчаң болгону менен, талантың жок болсо анда эч кандай жыйынтык чыкпайт", - деди ырчы.
15:30 "Сабак бергенден сырткары, эки жылдан бери үлпөт көйнөктөрдү даярдоо менен алектенем".
15:35 Ырчы алып баруучу даярдаган оюнга активдүү катышууда.
15:40 Суроо: "Шоу-бизнесте ажырашуулар көп болуп жаткандай, себеби эмнеде?"
"Ырчы айымдарга көп эркектер чыдай алышпайт. Анткени чыгармачылыктагы айымдар эркиндикти жакшы көрүшөт. Албетте, колдогондор деле жок эмес. Бирок азыраак. Шоу-бизнестеги ажырашуулар ушундан улам болсо керек. Учурда менин жанымда да түшүнгөн адам жок. Эгер колдогон, түшүнгөн адам болсо, турмушка чыгууга каршы эмесмин. Азыр менин талаптарыма туура келген эркекти жолуктуруу оңой эмес, анткени андай мырзалардын баары үй-бүлөлүү", - дейт ырчы.
15:43 Суроо: "Белгилүү ырчыларга сабак бериптирсиз. Алар сиздин эмгегиңизди актадыбы?"
"Албетте, ыраазымын. Эң негизгиси алар өздөрүнүн чыгармачылык жолун тапса, бул мен үчүн чоң сыймык" дейт ырчы.
15:45 Суроо: "Душманыңыз көппү же досторуңузбу? Сизди каза болду деген жалган кабар тарап кетти эле..."
"Ооба, ошондой маалыматтар тарап кетиптир. Аны ким таратканын изилдегенге кызыккан да жокмун. Демек, көп жашайт экенмин деп жакшылыкка жоруп койдум. Ал эми досторум же душманым көппү аны билбейт экенмин", - дейт Муратова.
15:48 Ырчы жандуу үн менен түрк тилиндеги чыгарманы аткарып берди.
15:50 Суроо: "Актёрлук билимиңиз барбы? "Абысындар" деген тасмага тартылган элеңиз?"
"Актёрлук билимим жок. Бул тасмага өзүм суранып жатып тартылгам. Ырыс Жоомартовага "мени да бир киного тартчы, өзүмдү сынап көрөйүн" дегем. Ал макул болуп, "Абысындарга" тарткан. Фильмге тартылуу оңой эмес экен. Бул киного тартылгандан соң, мындан ары өзүм билген ырчылык менен эле алектенейин деп чечтим. Азыр тасмага тартылууга каалоом жок", - деди ырчы.
16:00 Ырчынын SUPER.KG порталындагы маеги соңуна чыкты.