Бишкек шаарында 11 жаштагы баланы сүзүп качып кеткен деп айыпталып борбор калаанын 19 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү катары кармалган 19 жаштагы Н.К. аттуу кыз өспүрүмдү сүзгөнүн байкабагандыгын, ага байланыштуу токтобостон кетип калганын айткан.
"Шектүү Subaru Outback үлгүсүндөгү унаасы менен Бишкек шаарынын 7-кичи районунда 11 жаштагы баланы сүзүп качып кеткен деп айыпталууда. Ал өспүрүмдү сүзүп алганын байкабай калганын айтып жатат. Учурда унаасы айып аянтчасына токтотулуп, иш тийиштүү мекемеге өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Эскерте кетсек, буга чейин 6-апрелде Бишкек шаарынын 7-кичи районунда 11 жаштагы баланы белгисиз унаа сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткени
маалымдалган.