Бишкекте 58 жаштагы аялды сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Бишкек шаарынын 12-кичи районунда аялды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 11-апрелде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Бүгүн Бишкек шаарынын 12-кичи районунда жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайдан өтүп бара жаткан 58 жаштагы аялды сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Ал 66 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Л.Е. аттуу аял болгон. Кармалган жаран тийиштүү мекемеге өткөрүлүп берилип, унаасы айып аянтчасына токтотулду. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп башкармалык билдирди.

Эске салсак, 7-апрель күнү саат 20:40 чамасында Бишкектин 12-кичи районунда 58 жаштагы аялды белгисиз унаа сүзүп кеткен. Натыйжада ал адам алган жаракатынан улам, кырсык болгон жерде көз жумган. Айдоочу унаасы менен окуя болгон жерден качып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mikra
2018-04-11 17:06:48
ХХХХХХ качпай жардам корсотконундо олбой калмак.жазандагы женил болмок.турмодо чирийсин эми
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан