Алжирде Ил-76 аскердик учагы кырсыкка учурап, 247 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү саат менен 08:00 чамасында (Бишкек убактысы менен саат 13:00) Алжирдин Блида провинциясындагы Буфарик аэропортуна жакын жерге аскердик учак кулап түшкөн. Учак абага көтөрүлгөндөн бир нече мүнөт өткөндөн кийин эле кырсыкка учураган.
Басылмалардын маалыматына ылайык, учурда кырсыкка учураган учактагы 247 адамдын каза болгону белгилүү болгон. Бирок учакта жалпы 250 адам болгону да айтылууда.
Ошондой эле аталган маалыматта окуя болгон жерде 300 куткаруучу, 14 өрт өчүрүүчү жана 30 "Тез жардам" унаасы иштеп жатканы айтылат.