Жамал Сейдакматовага кино тармагына кошкон эмгеги үчүн "Ак илбирстин" атайын сыйлыгы тапшырылат
"Ак илбирс" улуттук киносыйлыгын тапшыруу салтанатында белгилүү актриса, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматовага "Улуттук кино тармагына кошкон салымы үчүн" атайын сыйлык тапшырылат. Бул тууралуу кинематография департаментинен билдиришти.
Жамал Сейдакматова "Курманжан датка", "Ак илбирстин тукуму" баш болгон бир канча тасмаларга тартылып, канчалаган спектаклдерде роль жараткан. 1957-жылдан тартып чыгармачылыкта жүргөн актриса учурда "Туңгуч" театрын жетектейт.
Белгилей кетсек, "Ак илбирс" сыйлыгын тапшыруу аземи 2012-жылдан тарта өткөрүлүп, кино жаатындагы мыктыларды аныктап келет. Буга чейин "Ак илбирстин" атайын сыйлыгына Кадыржан Кыдыралиев, Геннадий Базаров, Болот Шамшиев, Нуртай Борбиев, Мар Байжиев жана башкалар ээ болгон.