Алайда тууганын бычактап өлтүргөн деп шектелип кармалган 69 жаштагы адам эркиндикке чыкпайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Учурда ал адам убактылуу кармоочу жайда, атайын экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Бирок кандай болбосун ал адам кайра эркиндикке чыгарылбайт. Мурда да адамдарга бычак сайып жабыркатып койгонун эске алганда, ал адамды сыртка чыгаруу кооптуу. Ошондуктан ал атайын психикалык жактан жабыркагандарды кароочу ооруканага жаткырылышы мүмкүн", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, 8-апрелде Ош облусундагы Алай районунун Жерге-Тал айылынын 69 жаштагы тургуну тууганын бычактап, ал каза болуп калган деп маалымдалган.