Алжирде кулаган аскердик учактан каза болгондордун саны 257 адамга жетти

Алжирде кулаган аскердик учактан каза болгондордун саны 257 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун саны болжолдуу түрдө 257 адамга жетти. Учакта 247 аскер кызматкери жана 10 экипаж мүчөсү болгон. Учурда кыйраган учактын ичинде тирүү калгандар жок экени айтылууда. Каза болгондордун өздүгүн аныктоо үчүн алардын жансыз денелери жакынкы ооруканаларга жеткирилип жатканы айтылат.

Мындан сырткары учак кулаган учурда жерде жүргөн 1 жаран жаракат алганы айтылууда.

Эске салсак, бүгүн, 11-апрелде Алжирдин Блида провинциясындагы Буфарик аэропортуна жакын жерге Ил-76 аскердик учак кулап түшүп, анын кесепетинен 247 адам каза болгону айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aman0296
2018-04-11 20:38:47
Ужас
+1
jbolotov
2018-04-11 21:23:46
Кайсы олконун самолету экен?
+1
traveler
2018-04-11 22:02:07
jbolotov, Алжирде кулагандан кийин Алжирге караштуу учак болуу керек, болгондо да аскерий учак экен. Ал эми учак Россиядан чыгарылганы аты айтып турат Ил-76
+2
Zainidin96
2018-04-11 22:25:38
Опасно болуп калдыго самолётко чыгыш
+5
arzygulR
2018-04-12 03:10:27
Кудай сакта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан