"Алай" футболдук клубу АФК Кубогунун алкагында тажикстандык "Истиклол" менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңилип калды

Бүгүн, 11-апрелде АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын 3-туру орун алды. Анда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында жергиликтүү "Истиклол" менен Оштун "Алай" футболдук клубдары кез келди.

Беттеш 1:0 эсеби менен "Истиклолдун" жеңиши менен жыйынтыкталды. Алгачкы таймда командалар гол киргизгенге үлгүргөн жок. 2-таймдын башталышында "Истиклолдун" оюнчусу Фатхулло Фатхуллоев таамай болуп, эсеп санын 1:0 кылды. 3-турдун алкагында "D" тайпасында тажикстандык "Алтын-Асыр" менен "Ахал" командалары 1:1 эсебинде тең чыгышты.

Муну менен тажикстандык "Истиклол" 7 упай топтоп турнирдик жадыбалдын башында жайгашса, 5 упайга ээ болгон "Алтын-Асыр" 2-орунду ээледи. 4 упайга ээ "Ахал" 3-орунду ээлесе, 4-орунда упайсыз "Алай" командасы жайгашты.

Эске салсак, Оштун "Алай" футболдук клубу буга чейин АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында 2 оюн өткөргөн. Анда 7-мартта 1-турдун алкагында "Алай" түркмөнстандык "Алтын-Асырга" 3:6 эсебинде жеңилсе, 13-мартта түркмөнстандык "Ахал" менен беттешип, 5:0 эсебинде жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
almanbetperm
2018-04-11 22:38:35
Тажиктерден женилсенер
+1
Alimankooooo
2018-04-11 23:03:39
Уят эле
+1
traveler
2018-04-11 23:06:04
Тажиктерден женилснер ХХХХХХХ
+4
Simels
2018-04-11 23:08:40
Ушул "Алай" уйдо баатыр жоодо жок экен
+9
bond02
2018-04-11 23:28:25
женилгенди айтпагылачы.
+1
Brokg89
2018-04-12 05:34:16
Алай ХХХХХХХХ топ тепкенди билбесенер ойнобой эле койгулачы ХХХХХХХХХХ
+1
admin_media
2018-04-12 10:23:19
Brokg89, этика нормаларын сактаңыз!
0
OsOO85
2018-04-12 13:32:19
Тажикистандын Истиклол командасы президенттин жеке козомолундо турат бул деген биздин Ак-Шумкарларга тете команда. Кечээки оюн тууралуу айта турган болсок Алай комндасы жакшы оюн корсотту мен раазымын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан