Чемпиондор Лигасы: "Бавария" "Севильяны" жеңип жарым финалга өттү

12-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын жооптук беттештери орун алды. Анда Мюнхен шаарында германиялык "Бавария" өз талаасында испаниялык "Севилья" менен беттешти.

"Альянц-Арена" стадионунда орун алган беттеш 0:0 эсебинде аяктаганы менен алгачкы беттештин 2:1 эсебиндеги жыйынтыгы "Баварияга" жеңиш алып келди. Беттештин жүрүшүндө командалар курч чабуулдарды уюштурганы менен таамай боло алышкан жок.

Муну менен "Бавария" "Севильянын" үстүнөн жеңишке жетип, Чемпиондор Лигасынын жарым финалына "Реал Мадрид", "Ливерпуль" жана "Рома" командалары менен бирге өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alixan-Nookat.2015
2018-04-12 09:11:24
Кудай буюрса Реал Мадрид чемпион болот.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан