АКШнын тургуну башка аял менен мамиле куруу үчүн жубайын өлтүрдү

АКШнын Мэн штатынын тургуну аялын өлтүрүп, сөөгү менен кошо "Мен сени түбөлүк сүйөм" деген катын жерге көмгөн. Бул тууралуу маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, аталган штаттын 34 жаштагы Люк Тиман аттуу тургуну аялы Валерини өлтүрүп, аны жерге бергенде сүйүү катын, таттууларды жана баш кийим, көйнөгү менен кошо токойго көмгөн. Ал полиция кызматкерлерине жубайын 30-августта көргөнүн кабарлап, бирок анын дайынсыз жоголуп кеткенин маалымдаган эмес. Бирок маркумдун туугандары тынчсызданып, полиция кызматкерлерине кайрылып, издөө иштери башталган. Офицерлер Валеринин сөөгүн токойдон табышкан. Маркумдун көмүлгөн жеринен Guilty ("Виновный") деген атырды, нике шакегин жана сүйүү катын табышкан. Кылмышкер сурак учурунда башка аялзаты менен мамиле кургусу келгенден улам ушундай кадамга барганын түшүндүрүп берген.

Эми Люк Тиман 25 жылга эркинен ажыратылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
altyn7776
2018-04-12 08:15:46
Кайгы жокто кайненем олуптур болуптур...
+2
Zainidin96
2018-04-12 09:03:26
Мал экенсинго жашай бербейсинби ошол биринчи аялын менен
0
Rystambekkg
2018-04-12 09:16:30
Шайтан азгырыптыр да
+1
Dalil
2018-04-12 09:32:06
Мына АКШда кылмыш кылган кишинин өзүнүн сүрөтү жата фамилия аты толук жашырбай эле чыгат. А бизде кылмыш иши катталды деп окусаң иллюстрация менен АБВ деген жаран кылмыш жасады деп жашырып коёт.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан