Кыргыз жергесинде жасаган кылмышы үчүн Орусиянын Москва шаарында 12 жылдан бери жашынып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын 54 жаштагы С.Д. аттуу тургуну кармалды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүгү (мал уурдоо) менен 2006-жылы кылмыш иши козголгон. Кийин шектүү дайынын таптырбай кетип, ал ортодо жарандыгын алмаштырып, Орусияда жашынып жүргөндүгү аныкталган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Ошондой эле аталган маалыматта учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Минск конвенциясына ылайык, аны экстрадициялоо аракеттери жүрүп жатканы айтылат.