Чүйдө мотоцикл менен жеңил унаа сүзүшүп, айдоочулардын экөө тең жаракат алды

Чүйдө жол кырсыгы катталып, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуянын күбөсү кабарлады.

Анын айтуусуна караганда, жол кырсыгы Сокулук районунун Новопавловка айылында бүгүн, 12-апрелде саат 08:00дөр чамасында катталган. Анда Бишкек-Ош унаа жолунда Ниссан үлгүсүндөгү унаа менен мотоцикл сүзүшүп алган. Натыйжада айдоочулардын экөө тең жаракат алган.

Көпчүлүктүн айтымында, жол кырсыгына Ниссан үлгүсүндөгү унаа себепкер болгон. Анткени ал тыюу салынган жерден бурулуп жатканда, мотоцикл аны сүзүп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан