Бишкекте боёк цехиндеги жарылуудан бир адам каза болуп, бир адам жаракат алды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-апрелде "Профикс-Юг" аттуу Олифа боёгун чыгарган ишканада цистерна жарылган. Жарылуудан 21 жаштагы М.Т.Ю. аттуу жаран каза болуп, 28 жаштагы Т.у.У. аттуу адам жаракат алган.