Чүй ОИИББи: "Окуучулар массалык түрдө колдорун кескилеген факты катталды"

Чүй районунда мектеп окуучулары массалык түрдө колдорун кескилеген факты катталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуучулардын колдорун кескилеген видеолор WhatsApp, Messenger аркылуу тараган.

"Жергиликтүү милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам аракеттер жүргүзүлүп, аталган видеодогу өспүрүмдөр Чүй районундагы эки мектептин жогорку класста окуган окуучулары экени аныкталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бир нече окуучулардын колдорунда шек жараткан тактар бар экени да белгилүү болгон. Буга байланыштуу ИИМ жана райондук администрациянын кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле мындай окуялар кайталанбасы үчүн алдын алуу иш-чаралары жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Андан сырткары маалыматта аталган окуучулардын "Көк кит" оюнуна тиешеси жок экени да айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
izdeim_seni
2018-04-12 13:12:29
Саясий кырдаалдардан улам(Тогуз-Тородогу митинг, Аташканын кылыгы) элди алаксытуу бул
0
dina
2018-04-12 13:21:17
izdeim_seni,козу ачыктар кобойду)) элдин баарыле акылдуу)
+2
Akniet_kg96
2018-04-12 13:13:43
эмне мынча кескен биролор кескенго остору мынча кезе алышпайтко дейм
+1
tannuru1503
2018-04-12 13:22:41
Akniet_kg96,сурот иллюстрация деп турат...Окуяга бул суроттун тиешеси жок .
+3
kairan_ozum
2018-04-12 13:15:34
Чуйдун кайсы, мектептеринде экен
+1
Daak9091
2018-04-12 13:26:08
Ой калп элди болду эми жинди ойлобогула дагы бир нерсени чыгара калып эле откондо итак эле маршутка токтотуп элди бир алаксыттынар
+4
dina
2018-04-12 13:26:31
Илгери чекени кашка кылып тытмай мода болуп мектептин жарымы тил уккан. Ошо сыяктуу жону жок оюндарданбы дейм
+6
asil-08
2018-04-12 13:34:48
dina,ха ха точно.
+1
Mederbek0811
2018-04-12 14:13:26
Ой чырактарым, кайдагы балекетти баштабай тообо кылдым деп билиминерди алгыла садагалар!Кол кескен, тамыр кескенге жеткирген азаптан Кудайым озу сактасын!
+1
Chagylgan1
2018-04-12 14:13:51
Кандуу жуктун ээси ким экени боюнча калк арасында имиш-имиштер кучоп, элдин бийликке болгон нааразычылыгы кучогон убакта "кок китти" ойлоп табышты...

Эми болсо ТЭЦти модернизациялоодо орун алган коррупция боюнча элдин бийликке суроолору, талаптары, нааразычылыгы кучоп, Тогуз-Тороолуктар алтын комбинатын орттоп, толкуган убакка бул окуянын келип чыгышы жон гана дал келуучулукпу же бийликтин кезектеги "выдумкасыбы" элди алаксытуу максатындагы?!!...
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан