Аялдамада турган аялды сүзгөн айдоочу 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тергөө иштери уланууда, сот шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алынган.
"Аялдамада турган аялды сүзүп, аялдаманы жарактан чыгарган 1994-жылы туулган Т.А. аттуу айдоочуга карата 281-берененин 2-бөлүмү (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Эске салсак, 9-апрелде Бишкек шаарынын Асанбай кичи районунда айдоочу унаасын башкара албай калып, аялдамада турган аялды сүзүп, ал ошол жерде каза болгон. Ошондой эле аялдама да жарактан чыгып калган.