"The Overtones" тобунун ырчысы Тимми Матли 36 жаш курагында каза болду

Британиялык "The Overtones" тобунун ырчысы Тимми Матли 36 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылсмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, анын өлүмү тууралуу жогоруда аталган топтун курамындагы ырчылар билдиришкен.

"Тимми Матли эми биздин арабызда жок. Бул жаңылык бир гана бизди эмес, анын бир канча күйөрмандарын капага сала турганы талашсыз", - деген алар.

Белгилүү болгондой, ырчы 2016-жылдан бери 3-даражадагы тери рагы менен жабыркап келген. Оорусунун айынан топтон кеткен учуру да болгон. Бирок өткөн жылдын июль айында кайрадан кайтып келген. Ал эми ушул жылдын январь айындагы маегинде ден соолугу мурункуга салыштырмалуу жакшырып калгандыгын билдирген.

Айта кетсек, ырчы көпчүлүккө "Gambling Man", "The Longest Time", "Superstar" жана башка чыгармалары аркылуу таанылган.

"The Overtones" - "Superstar"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан