Кыргыз спортчусу Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча Орусиянын чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеш 20-25-апрель аралыгында Орусиянын Москва шаарында өтөт.
Мелдеште натыйжалуу жыйынтык көрсөтүү үчүн Денис Петрашов башкы машыктыруучу Евгений Петрашовдун алдында 2-апрелден 19-апрелге чейин Түркиянын Анталия шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө.