Бишкекте өзү иштеп жаткан жерден 1 миллион сомду уурдап, качып кеткен сатуучу кармалды

Бишкекте өзү иштеп жаткан жерден 1 миллион сомду уурдап, качып кеткен сатуучу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу милицияга арыз менен 2-апрелде кайрылган.

"2017-жылы июнь айында Бишкектеги соода борборлордун биринде сатуучу болуп иштеген 39 жаштагы адам 1 миллион сом уурдап кеткен. Акчаны алгандан кийин шектүү Орусияга кетип калган. Кийин ал жабырлануучуга акчаны кайтарып берем деп убада берип, бирок бербей качып жүргөн", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан